/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу билимдер жана тажрыйбалар
Хуонми тон / Таруу кайнатмасы
«Хуонми тон» – бул таруу кайнатмасынан жасалган суусундук. Дунгандардын салттуу түшүнүгүндө ал денедеги зыяндуу нерселерди чыгарып, организмди тазалоого жардам берет. Ошол себептен «хуонми тон» төрөттөн кийинки мезгилде аялдарга сунушталып, кеңири колдонулат. Аны ысык да, муздак да ичсе болот. Бул мезгилде аялдарга кошумча тамак катары таруу шорпосу жана боткосу да даярдалат. Алар пайдалуу жана организмдин бат калыбына келишине шарт түзөт.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу дарыгерлер
  • Улуу муундун өкүлдөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсуров Х. Ю., Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.