/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Хун сы / Үйлөөнү той

«Хун сы» – дунгандардын салттуу үйлөнүү тою. Бул той жигит тарап нике белектерин – «фили» берип, кыздын себи («тянщён») боюнча шарттар аткарылгандан кийин гана өткөрүлгөн. Салт боюнча той үч күнгө созулуп, төртүнчү күнү кыз тараптын туугандары күйөө тараптын үйүнө келишкен. Жигит менен кыздын ата-энелери бири-бирин көрүдөөн качышкан, анткени алардын таанышуусу адатта бир нече күндөн кийин гана болгон.

Негизги үйлөнүү күнү кыздын үйүндө башталган. Кыздын өрүлгөн чачын чечишкен – бул анын бой жеткенине жана кыздыктан кош айтышканын билдирген. Ата-энеси жана туугандары батасын беришкен. Салт боюнча кыз ыйлап, ата-энеси менен коштошуп, үйүнөн кеткенине кайгысын билдирген. Ал жигиттин үйүнө эже-сиңди жана жеңелеринин коштоосунда жолго чыккан, бирок унчукпай жана артка кылчабай баскан, анткени туулуп-өскөн үйүнүн ырыс-кешигин ала кетпөө деген ырым-ишеним бекем болгон.

Жигиттин үйүндө келинди ырым-жырым жана шаан-шөкөт менен тосуп алышкан. Күйөө бала нике ырымынан мурда колуктусун көрүүгө укугу жок болгон. Үйгө киргенде кызды кызыл кездеменин алдынан өткөрүшкөн – бул жин-шайтандардан коргойт деп ишенишкен. Жигиттин ата-энеси аны жыпар жыттуу чөптөр менен аластап, очоктун жанына отургузуп, кайнатасы менен кайненесине жүгүнтүшкөн.

Той дасторкону салттуу тамактар менен коштолгон. Мисалы, 8, 12 же 36 түрдүү даамдан турган «щи» дасторконго сөзсүз коюлган. Ошондой эле күрүчтөн жасалган тамактар, кычкыл-таттуу эт шорпосу, узак өмүрдүн белгиси болгон «чон мян» (узун кесме), «бяншы» (чүчпара) – токчулуктун белгиси болгон. Дасторкондун көркүн түрдүү таттуу-тарапалар да ачкан. Бүгүнкү күндө негизги тамак катары көбүнчө палоо берилет.

Үйлөөнү тоюнан үч күн өткөн соң, жаңы келин ата-энесине барып, сый-урматын көрсөтө алган. Бирок ал түнү ал жерде түнөп калууга уруксат берилген эмес. Ошол күндөн тарта ал турмушка чыккан аялдын баш кийимин кийип, кайнатасы менен кайненесинин атын тергей баштаган.

Дунгандардын тою – жөн гана үйлөнүү эмес, бүтүндөй бир жөрөлгөлөрдүн тутуму болуп саналат. Алар үй-бүлөнү бекемдөөгө жана салттуу баалуулуктарды муундан муунга өткөрүүгө арналган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Джон А.А. Дунгандардын каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. – Бишкек, 2016.