«Хуа ца» – бир эле учурда бир нече маанини билдириши мүмкүн: «сулуу чай», «гүл чайы», «аралаш чай». Бул түрдөгү чай кээде «гэвар ца» деп да аталат, анткени салт боюнча аны капкагы бар чөйчөктө демдешкен. Бирок мындай идиш болбогондо кадимки чыныга демдеп ичишкен.
Чайдын курамына төмөнкүлөр кирет: «хунзәр» – Кыргызстанда «кызыл жиде» же «кытай финиги» катары белгилүү мөмө; «гу җи» – «годжи» жемиштери (дереже мөмөсү), «гуй йүан» – данеги алча даамданган жаңгактуу мөмө жана «бин тон» – нават. Борбор Азияда «годжи» менен «гуй йүан» көп болбогондуктан, дунгандар аларды кургатылган өрүк жана жаңгактын өзөгү менен алмаштырышат.
Кадимки чай (кара же көк) конокторго чыныга демделип берилет. Мындай даярдоо ыкмасы чайдын даамын да, жытын да күчөтөт. Бул түрдөгү чайды адатта «ца езы» же «езы ца» – «чай жалбырак» деп аташат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет