«Хуамынчин» – эки башка уруунун үй-бүлөлөрүнүн ортоснуда кыз алмашуу салты. Бул салт коомдук, экономикалык жана маданий жактан чоң мааниге ээ болгон.
«Хуамынчинин» негизинде бир үй-бүлө өз кызынын колун берип, анын ордуна уулуна келин ала алган. Бул ыкма той чыгымдарын кыйла азайтып, «фили» (жигит тараптын сеп үчүн берген төлөмү) сыяктуу чыгымдарды кыскарткан, анткени эки тарап акча коротпостон кыздарын алмашып, үйлөнүшкөн.
Мындай алмашуу эки урууну жакындатып, бекем туугандык байланыш түзүп, адатта коомдук деңгээли бирдей үй-бүлөлөрдүн ортосунда болгон. Ошондой эле маанилүү талап – эки кыздын жаш курагы жакын болушу шарт болгон.
Бүгүнкү күндө «хуамынчин» салты өтө сейрек кездешет, кездешкен учурда сөзсүз ыздардын макулдугу менен гана жасалат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Сейрек кездешет