«Фа бишы» – чүкө оюну. Аянчада тегерек чийилет да, анын ичинен бир узун сызык тартылат. Ошол сызыкка оюнчу чүкөлөрдү тизет. Андан соң оюнчулар кезеги менен өзүнүн чүкөсү менен тизилген чүкөлөрдү тегеректен чыгара атышат. Азыркы кезде бул оюн эл ичинде сейрек ойнолуп, жоголуп баратат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жоголуу коркунучунда