/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Урмай топ

Урмай топ – тегерек аянтта ойнолуучу кызыктуу кыймылдуу топтук оюн. Бул оюн көбүнчө айыл жергесинде, кээде мектеп программасынын дене тарбия сабактарында да ойнолот. Оюнга 5-10 бала катышат, бирок чакан топто оюн кызыктуу өтөт. Бул оюн таамайлыкты, тездикти жана дененин эптүүлүгүн чыңдайт.

Оюн эрежеси

Оюн башталарда диаметри болжол менен 3 метр тегерек чийилип, ортосунан түз сызык тартылат. Ар бир оюнчу өзүнүн топ салчу оюгун казат да, башчы шайланып, топту кайсы кезек менен урарын макулдашат.

Биринчи оюнчу тегеректин четинде туруп топту казылган оюктун бирине багыттап урат. Эгер топ бир оюкка кирип ошол жерде калса, калган оюнчулар ар кайсы жакка качышат. Оюктун ээси топту алып, качып бараткан оюнчуларга багыттап урат. Эгер топ бир оюнчуга тийсе, анын оюгуна таш коюлат. Андан соң кезек кийинки оюнчуга өтөт. Кимдин оюгуна оюнчулар санына барабар таш топтолсо, ал ырдап же бийлеп утулуу жазасын аткарат.

Оюн учурунда оюнчулар бири-бирине атайылап тоскоол болбошу керек жана качып бара жаткан оюнчуну тегеректен чыккан соң топ менен урбоо шарт.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен мурас жөнүндө маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда жана дене тарбия сабактарына ылайыкталган окуу программаларында кездешет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.