«Тян ми тон» – дунгандардын салттуу дарылык азыгы, кыргызчага «супсак күрүч шорпо» деп которсо болот. Ага эч кандай туз да, башка кошумчалар да кошулбайт. Башкы негизги бөлүгү – күрүч кайнатмасын гана колдонуу.
Бул элдик дарыгерликте организмди чыңдоочу, иммунитетти көтөрүүчү, уулуу заттарды чыгаруучу, ашказанды бекемдөөчү жана сиңирүүнү жакшыртуучу каражат катары колдонулган. Ошондой эле ал жалпы ден соолукту чыңдоодо, айрыкча жазгы-күзгү сасык тумоого каршы пайдалуу деп эсептелген. Ал эми жайкысын «тян ми тон» суусундукту кандырган ичимдик катары да колдонулган.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет