Тыйын эңмей – кыргыздардын эң байыркы ат үстүндөгү оюн-зоокторунун бири. Жигит чуркап бараткан аттын үстүнөн ылдый эңкейип, жерге жаткан тыйынды (белгини) илип кетет. Азыркы учурда аны кызыл түстөгү кездемеге ороп коюшат, оюнчу аны алыстан жакшы көрүшү үчүн.
Бул оюнга катышкан жигит курч көздүү болушу шарт – ал чуркап баратып тыйын турган жерди көрүп, атынын ылдамдыгын туура эсептеп, эңкейип так убакта тыйын алып кетиши керек. Кол кыймылы да ылдам, так болушу зарыл.
Илгери да, бүгүнкү күндө да тыйын эңмейде чоң байгелер коюлуп, жеңүүчүлөргө ат, мал, кымбат баалуу белектер берилген. Ошондуктан бул оюнга катышкысы келгендер ар дайым көп болгон.
Тыйын эңмей кыргыздар жашаган бардык аймактарда той-топурларда өткөрүлүп келет. Бул оюн жигиттерди шамдагайлыкка, туура эсептөөгө, ат үстүндө так кыймыл жасоого тарбиялайт.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Орто