/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Тонхади цэ

«Тонхади цэ» – кайнак сууга чөмүлтүлүп алынган, май, татымал жана уксус менен даярдалган жашылча салаты. Бул ыкма жашылчалардын түсүн, табигый даамын жана азыктык касиеттерин сактап калууга жардам берет. Ошондой эле аларды жумшартып, жегенге жагымдуу кылат.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.