/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Тонмәмә, дянщин, гуәзы

«Тонмәмә, дянщин, гуәзы» деген сөздөрдүн түз мааниси «шекер нан», «жүрөк чекити», «печенье» деп түшүндүрүлөт. Бул таттуу соңку убакка чейин ырым-жырымга арналган нан катары эсептелип, аны негизинен Орозо айт майрамына гана жасашкан. Ар түрдүү аталыштары дунган коомдоштуктары жашаган аймактык өзгөчөлүктөрдү чагылдырат.

Бул азык кабатталган камырдан жасалат, ичине куурулган унга май менен шекер кошуп жасалган аралашма, же кургатылган мөмө-жемиштер менен жаңгактардан жасалган кошулма салынып бышырылат. Орозо айт күнү конокторго сый-урмат көрсөтүү үчүн дасторкондун үстүнө коюлат.

«Тонмәмә» деген аталыш Чүй облусунун Сокулук районундагы Милянфан жана Александровка айылдарында колдонулат. «Дянщин» деген аталыш Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылындагы дунгандар арасында айтылат. «Гуәзы» деген аталыш болсо Чүй облусунун Кеңбулун, Искра айылдарында жана Токмок шаарындагы шэньсий дунгандар тарабынан колдонулат.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.