«Тонмәмә, гуәзы, дянщин» – бул кургатылган жемиштер менен жаңгактын кошулмасы салынган кат-кат камырдан жасалган таттуу токоч. Ал эми «санзы» – майга куурулган «хворостко» окшош таттуулук. Илгери бул азыктарды атайын «Щё Эрди» – «Кичи Ид», же башкача айтканда Орозо айт күнү гана жасашкан.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет