/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Ти җянзы / «Лянга» оюну

«Ти җянзы» – лянга оюну. Бул оюн өзгөчө жасалган жумшак топ сыяктуу нерсени бут менен бир ыргакта жерге түшүрбөй абада тээп турууга негизделет. Оюнчулар буту менен ар кандай кыймылдарды жасап, кээде согуш өнөрүндөгү машыгууларга окшош көнүгүүлөрдү аткарышат. Лянга оюну Борбор Азиянын бардык аймактарында кеңири тараган. «Лянга» деген сөздүн дунган тилинен котормосу – «эки, жуп» дегенди билдирет.

Азыр болсо бул оюн эл арасында сейрек ойнолуп, акырындап жоголуп бара жатат.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Улуу муундун өкүлдөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Сушанло М. Я. Дунгандар. – Фрунзе, 1971 ж.