/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Тибабәтчилик / Табыпчылык

Уйгур элинин табыпчылык салты табият менен түздөн-түз байланышып, кылымдар бою сакталып келген. Айрыкча, дарыланууну тамак-аш аркылуу жүргүзүүгө чоң маани берилген. Ошого жараша бардык азык үч чоң топко бөлүнгөн:

  • ғизайи мутлақ – дарылык касиети бар азыктар;
  • даваий ғизайи – дарылык касиети басымдуу азыктар;
  • ғизайи даваий – дарылык таасири аз азыктар.

Ошондой эле «сәксән халта» ыкмасы боюнча ар түрдүү чөптөрдү колдонуу кеңири жайылган.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу дарыгерлер, табыптар жана касиет билим ээлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.
  • Абдуллаева, Н. Уйгурлардын маданияты тамак-аш сөздүгү, ысымдар жана байыркы хореографиянын күзгүсүндө. – Саарбрюккен, 2023.