/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы
Танец «Сама» / «Сама» бийи

«Сама» – уйгур элинин эркектеринин салттуу чимирик бийи. Ал тарыхый терең бейзаттык маданий мурастын маанилүү бөлүгү. Бул бий жөн гана сахналык өнөр эмес, коомдун биримдигин, руханий жуурулушууну жана эркектердин ортосундагы ынтымагын туюнткан белги. Негизинен ал чоң майрамдарда – Орозо айт, Курман айт жана Нооруз сыяктуу учурларда аткарылат.

Бий чимирилүү кыймылдардын негизинде курулат: эркектер айлампага тизилүү менен коомчулуктун биримдигин белгилейт. Айлампанын ортосунда бир бийчи өзгөчө ийкемдүү жана көркөм кыймылдарды жасайт. Калгандары колдорун көтөрүп же кеңири кыймылдап, күч-кубатын айлампанын ичине багыттагандай ишарат кылышат. Бул кыймылдар көркөмдү гана эмес, жаңылануу, тазалануу, биргелешип жаратмандык кылуу дегенди да туюнтат.

Бирок азыркы шарттарда, айрыкча шаар жашоо шарттарында «сама» бийинин аткарылышы барган сайын азайып баратат. Азыр ал сейрек учурларда гана орун алып, жандандырууга жана колдоого муктаж. Бүгүнкү күндө бул бийди сактоо жана өнүктүрүү үчүн маданий уюмдардын да, жергиликтүү коомдоштуктардын да аракеттери зарыл.

Аймак

Кыргызстандын Чүй жана Ош аймактарында кездешет

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Бийчилер жана аткаруучу-өнөрчүлөр

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • Бейзаттык маданий мурас жана маданий белгилердин трансформациясы» долбоорунун алкагында 2022-жылы Айгине маданий-изилдөө борбору Каракол шаарында жашаган уйгур өкүлдөрүнүн демилгесин колдогон. Алар өздөрүнүн маданий мурастарын документтештирүү үчүн «Караколдогу Сама бийи: маданият аркылуу элдилүүктү сактоо» аттуу кыска метраждуу даректүү тасманы жарыкка чыккан. Маданий мурастын сактоочулар жана билим ээлери уйгур элинин элдик бийинин маанисин кайрадан түшүндүрүп, анын аткарылышын калыбына келтирүүгө жана тарыхый документ катары каттоого аракет кылышкан.

Адабият/Шилтеме

  • Н.С. Абдуллаева. Уйгурлардын маданияты – тамак-аш лексикасынын, ысымдардын жана байыркы хореографиянын күзгүсүндө. – Саарбрюккен, 2024.
  • С.Н. Абдуллаев, Г.С. Абдуллаева. Түрк-монгол элдеринин Сибирь жана Түркстан аймагындагы тегерек бийлеринин семиотикасы // Сибирдеги жергиликтүү элдердин тилдери жана фольклору. 2025. № 2. Б. 71–83.
  • С.Н. Абдуллаев. Байыркы уйгур бийи «Сама»нын структуралык-семантикалык реконструкциясы: архаикалык түшүнүктөрбү же маанилердин аралашуусу // Көчмөн цивилизациясы: тарыхый изилдөөлөр. 2022. № 2. Б. 63–72.
  • С.Н. Абдуллаев, Г.С. Абдуллаева. Уйгур бийи «Сама» – Сибирь жана Чыгыш Түркстан маданий мейкиндигинин феномени катары // Евразия мейкиндигинде социалдык интеграция жана этномаданий өнүгүү. 2023. Т. 2. № 12. Б. 6–10.
  • С.Н. Абдуллаев. Уйгур тегерек бийи «Сама» // Евразия элдеринин тегерек бийлери: изилдөө, сактоо жана салттарды бекемдөө боюнча актуалдуу маселелер. – Якутск, 2024. – Б. 47–56.
  • URL: https://cyberleninka.ru/article/n/strukturno-semanticheskaya-rekonstruktsiya-drevnego-uygurskogo-tantsa-sama-arhaicheskie-predstavleniya-ili-kontaminatsiya-smyslov (кабыл алынган күнү: 07.05.2025).