/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Суйсуйзы / Бир жашка толушу

«Суйсуйзы» – төрөлгөн баланын бир жашка чыгышын белгилөө мааракеси. Ал «быйлир» – баланын төрөлүшүнөн жүз күн өткөндөн кийин белгиленген. Бул күнү да «ахун» чакырылып, дуба окулган.

Баланын өз калабында жана убагында жетилишин төмөнкүдөй сыппаташкан:

  • «Сан йүә – фан» – үчүнчү айда бала оонайт
  • «Лю йүә – зуә» – алтынчы айда – отурат
  • «Җюйүә – па» – тогузунчу айда – ылдый сойлоп жүрөт
  • «Шыйүә – хан, дада» – онунчу айда атасын чакырат

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Джон А.А. Дунгандардын каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. – Бишкек, 2016.