«Соһурлуқ» – Рамазан айындагы орозо маалындагы негизги каадалардын бири. Таң намазына болжол менен бир саат калганда уйгурлар дасторкондо отуруп, тамак жешет да, ошол эле учурда бүтүндөй күндү орозо кармоо менен өткөрүүгө ниет кылышат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет