«Севәт тоқуш» – бул тал же терек бутактарынан өрүп чабыра (себет) жасоо өнөрү. Өрүлгөн себет көбүнчө тегерек таризде болот. Себеттер үйдө ар түрдүү максатта колдонулат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет