«Санйуә» – бул топинамбур, аны сөзмө-сөз которгондо «тоолук дары» дегенди билдирет. Ал дунган элинин элдик дарыгерчилигинде өзүнүн дарылык касиеттери үчүн кеңири колдонулган, айрыкча кант диабетине каршы («тон нё бин»).
Топинамбурду чийки, туздалган, бышырылган, бышып куурулган жана кургатылган түрүндө жешкен. Бул азык кандагы кантты азайтып, тамак сиңирүүнү жакшыртат жана иммунитетти чыңдайт деп эсептелген.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет