/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Салбуурун

Салбурун – адегенде элдин азыгы азайып, сөөк жукарган кезде жасалып, кийинчерээк көңүл ачып чер жазуу үчүн уюштурулуп келген аңчылык жана мергендик жүрүш.

Салбуурун тууралу маалымат «Манас» эпосунда да учурайт, анда Манас баатыр чоролору менен куш салып, ит агытып сейилдегени сүрөттөлөт. Илгери кыргыздар ат минип, колуна бүркүт же куш алып, артына жаа асынып, тайган ээрчитип аңга чыгышкан. «Салбуурун» деген сөз жигиттин аңга чыккан абалын, даярдыгын түшүндүрөт. Салбуурун маалында жигиттер жаа атып, ким көп олжо алат, кимдин кушу көбүрөөк олжо салат, кимдин тайганы ит кууп жетет – ошого жараша сынашкан. Тайгандар карышкыр, түлкү, кулжа, тоо теке сыяктуу жапайы жаныбарларды кууп жеткен.

Совет мезгилинде салбуурун тыюу салынган улуттук аңчылык түрлөрүнүн бири болгон. Эгемендүүлүк алгандан кийин бул мурасты жандандыруу максатында “Салбуурун” федерациясы түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө байыркы таризи өзгөрүүгө учураганы менен, түпкү маңызы сакталып, салттуу коомдо али да жандуу бойдон калууда.

⁠Өткөрүү шарты/ырымы

Салттуу түрдө салбурунду уюштуруу жана өткөзүү өзүнө тиешелүү шарты боюнча жана ырымдары менен коштолгон:

  • Даярдык – салбурунга баруу үчүн атайы мергенчиликке ылайыкталган тери кийимдерди, көп басканда, чуркаганда бутту чарчатпаган өтүктөрдү, мизи курч шамшар, жакшы жаа-жебени дайындашкан.
  • Жүрүш – бийик жайыттардагы кийиктерге алдыртан жыт бербей өңүп баруу абдан кылдаттыкты талап кылган. Кийиктер табиятынан өтө сезгич келгендиктен шамалдын жүрүшүн эске алышып, өздөрүнө карай соккон багыт менен өңүп барууга туура келген.
  • Үркүтүп айдоо – кийиктерди айдоого жер өңүтүн абдан жакшы билген, жүрүшү тез, арышы арбымдуу, кылдат кишилер дайындалган.
  • Тосот – тосотто жалаң мергендер чогулушуп, буктурмада шырп алдырбай күтүп жатышкан. Жайылып качып келген кийиктердин текелерин терип атып алышкан.
  • Олжо чогултуу – мындайга мергендик тажрыйбасы көп жок, бирок кызыгуусу күч жаш, эпчил жигиттерди дайындашкан.
  • Өз ара мелдеш – салбурунда мергендер көзгө атарлык жагынан же көп атуу жагынан өз ара мелдеш уюштурган да жагдай болгон. Андайда окторго жараша бөлүп санашып, ар ким өз огун таанып, ошого жараша мыктысы бааланып тандалган.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу

Коомдоштук

  • Жеке мүнүшкөрлөр, кушчулар, тайганчылар
  • Касиет билим ээлери
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу өнөр ээлери
  • “Салбуурун” федерацияся
  • “Санат куумай” федерациясы
  • “Салбурун ордо” этноцентр жаштар уюуму
  • Тарыхчылар, маданият таанучулар жана изилдөөчүлөр

Коргоо иштери

  • Кыргызстанда атайын “Салбуруун” федерациясы түзүлүп өтүү эрежелери расмий бекитилген.
  • Кыргыз элинин байыркы аңчылык салты болгон мүнүшкөрлүк өнөрү – учурда эл аралык деңгээлде таанылып, маданий мурас катары корголуп келе жатат. 2021-жылы “Ителги салуу” жана ага байланыштуу мүнүшкөрлүк билим-жөрөлгөлөр дүйнөнүн 25 өлкөсү менен биргеликте ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарынын Өкүлдүк тизмесине катталган. Бул мүнүшкөрлүктү сактоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык таануунун маанилүү кадамы болуп саналат.
  • Кыргызстанда бул мурастын жанданышына “Салбуурун” федерациясынын ишмердүүлүгү чоң салым кошуп келет. Федерация алгыр куштарды таптоо, тайган таптоо, салттуу аңчылык өнөрдү даңазалоо жана кеңири жайылтуу боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүүдө.
  • Ар жыл сайын уюштурулуп келе жаткан республикалык жана эл аралык маданий иш-чаралар, таймаштар мүнүшкөрлөрдүн чеберчилигин көрсөтүп, жаштардын кызыгуусун арттырууда. Бул таймаштар салттуу аңчылыкты жандандырып эле тим болбостон, элдин эсинде сакталып келаткан билимдерди замандын талабына жараша актуалдаштырып турат.
  • Мүнүшкөрлүк өнөрү ошондой эле Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында өзүнчө улуттук спорттун түрү катары көрсөтүлүп, эл аралык деңгээлде таанылып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.