/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Салам бериш / Таанышу ырымы

«Салам бериш» – кыздын жигит тараптын туугандары менен таанышуу жөрөлгөсү. Ал кыздын жаңы жашоого умтулушун, күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө кабыл алынышын жана туугандык байланышты орнотууну билдирет.

Кыз башына жоолук жаап чыгат – бул анын уяттуулугун жана кайын журтуна болгон урматын көрсөтөт. Ал күйөө тараптагы ар бир тууганына үч жолудан жүнүнөт. Өз кезегинде туугандары ага жакшы тилек айтып батасын берип, белек ырымдашат. Аны менен алар кызды өз үй-бүлөсүнө кабыл алганын билдирет.

Бул жөрөлгөдө чоң тарбиялык жана руханий маани бар. Ал улууларды урматтоо, үй-бүлөнүн биримдиги жана туугандык мамилени ыйык тутуу сыяктуу салттуу баалуулуктарды чагылдырат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын ырым-жырымдары жана салттары. – Алматы: Мир, 2010.
  • Халипаева, И. А. Кумыктар менен уйгурлардын үйлөнүү тойлору: ырым-жырымдык жана мифологиялык аспект // Түрк дүйнөсүнүн жарчысы. – 2015. – № 1(8). – Б. 10–15.