«Полу» (паалоо) – уйгур элинин Кыргызстандагы эң башкы улуттук даамдарынын бири. Аны жасоодо атайын салттык эрежелер сакталат. Уйгур ашпозчулары көбүнчө Ош облусунун Өзгөн районунда өстүрүлгөн күрүчтү колдонушат. Өзгөн күрүчү бышканда ширелүү, бирок бир-бирине жабышпай, чачырап басылат. Ошол себептен паалоонун сапаты жогору болот.
Паалоонун даамы жана сапаты негизинен даярдоо ыкмасына көз каранды. Эт (көбүнчө кой же уй эти) өзүнчө бышырылат. Мунун натыйжасында эт жумшак жана ширелүү болот. Биринчи май алдын ала катуу кызартылып ысытылат. Ошондо анын жагымсыз жыты чыгып, даамы таза болот. Андан кийин пияз, сабиз жана эт кошо кызарта куурулат. Андан соң суу жана татымалдар кошулат. Паалонун бул негизги «зирвак» деп аталат.
Күрүч бир нече жолу жакшы жуулуп, крахмалынан тазаланат. Андан соң ал зирвактын үстүнө тегиз төшөлөт. Үстүнө суу куюлуп, акырын кайнатылат.
Паалоонун даамын ачып турган нерсе – «зирра» (зира). Ал өзгөчө жыт жана татым берет. Суу акырын бууланып бүткөндөн кийин казандын капкагы жабылып, күрүч бууланып жетилгенче демделет.
«Полу» уйгур элинин дасторконунда борбордук орунду ээлейт. Ал үй-бүлөлүк тойлордо, диний майрамдарда жана башка маанилүү учурларда сөзсүз даярдалат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет