«Ошуқ ойнаш» – уйгур элинин салттуу оюнунун бири. «Ошук» – «чүкө» малдын муун сөөгүнүн бир бөлүгү, оюнда негизги курал катары колдонулат. Оюнда эң башкы орунду «сака» аттуу негизги чүкө ойнойт, анын жардамы менен башка чүкөлөрдү тегеректен сүрүп чыгарышат.
Оюн учурунда чүкөнүн ар кандай абалда түшүшү мааниге ээ. Эң жакшы абал – «алчу», бул жеңишти жана ийгиликти билдирет. Ошондуктан уйгур элинде «Менин сака чүкөм алчу түштү» деген сөз бар, бул – ишим оңунан чыкты деген мааниде колдонулат. Башка абалдары да өз аталышына жана маанисине ээ: «такка», «пукка», «чикка».
Чүкө ойноо жөн гана оюн эмес, тамаша-табышмак сыяктуу адамдарды мүнөздөп айтууда да колдонулган. Маселен, «Мурат кандай киши?» деп сурап, чүкө ыргытышат. Эгер алчу түшсө – Мурат падыша; такка түшсө – вазир; пукка болсо – суфий; чикка болсо – ууру деп тамаша кылышкан.
Бүгүнкү күндө бул оюнду улуу муун жакшы билет. Бирок 15 жашка чейинки жаштар арасында салттуулугу азайып, унутулуп баратат. Ошондуктан аны кайрадан жайылтуу жана сактоо абдан маанилүү.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жоголуу коркунучунда