/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Ордо

Ордо – кыргыз элинин эң байыркы улуттук чүкө оюндарынын бири, бүгүнкү күнгө чейин жашап келген маданий мурас. Ордо – бул жөн гана оюн эмес, кыргыз дүйнө таанымын чагылдырган көрүнүш. Чүкөлөрдүн тизилиши жана «канды» коюу кыргыз айылынын байыркы түзүлүшүнө окшош. Оюндун мааниси – хан ордосун талкалап, душмандын тартибин бузуу. Ошондуктан бул оюн элдин биримдигин, эрдигин жана жеңишке умтулуусун тарбиялаган. Ордо көбүнчө кыштын узун кечтеринде, эл көп чогулган жерде ойнотулган. Бүгүнкү күндө атайын «Ордо» федерациясы түзүлүп, оюн үчүн бирдиктүү эрежелер иштелип чыккан.

Оюн эрежеси

Оюнга эки топ катышат. Ким биринчи баштай турганын чүчүкулак аркылуу аныктайт. «Кан» – мүйүздөн же сөөктөн жасалган майда тегерек буюм (диаметри 6 мм, калыңдыгы 2 мм), кээде тыйын колдонулат. Ошондой эле «калыс» деп аталган 40 смдей жыгач таяк колдонулат – ал менен кайсы аралыкка чүкө чыгып кеткенин өлчөшөт.

Оюн үчүн тегиз жерге диаметри болжол менен 14 метрлик чоң тегерек чийилет. Анын ортосуна «жыдыма» деп аталган орун даярдалып, ал жерге «кан» (хан) коюлат, ал эми анын айланасына ар бир оюнчуга бештен чүкө (аскер) коюлат. Мисалы, 20 оюнчу болсо – 98 чүкө жана кошумча кан коюлат, анткени кан эки чүкөгө барабар эсептелет.

Чүкөлөрдү тегеректен чыгаруу үчүн көбүнчө топоздун томпойу колдонулат – ал уйдукуна караганда катуураак жана оорураак келет. Кээде текенин мүйүзүнөн жасалган «абалак» да колдонулат.

Ордо ойноодо негизги ыкмалар:

  • Ура атмай – оюнчу тегеректеги чүкөлөргө уруп, мүмкүн болушунча көбүн сыртка чыгарат. Бир буту тегеректин сызыгында, экинчиси сыртта турушу шарт.
  • Кыңкай атуу – чүкө тегеректин ичинде, бирок борбордон алыс турганда колдонулат.
  • Кадамак – тегеректин четине жакын турган чүкөлөрдү бутага алуу ыкмасы.
  • Тоорумак – бут сызыктын үстүндө туруп, экинчи бутун ага жакын коюп аткан ыкма.
  • Чалмай атуу – согончок менен сызыкка туруп, бир бут ичте, экинчиси сыртта турган абалда 1 метрден алыс эмес чүкөлөргө атылат.
  • Чертмек – жакын аралыктагы чүкөлөрдү уруу ыкмасы.

Талас жана түштүк аймактарда көбүнчө томпой менен ойношот, ал эми Ысык-Көл, Нарын, Чүйдө абалак колдонулат.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Орто

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Бүгүнкү күндө атайын «Ордо» федерациясы түзүлүп, оюн үчүн бирдиктүү эрежелер иштелип чыккан.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.