/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Норуз / Нооруз

«Норуз» – байыркы жаз майрамы, ал табияттын ойгонушун, жашоонун жаңырышын жана жаңы жылдын башталышын билдирет. Уйгур эли бул майрамды илгертен бери белгилөө менен бирге салттуу ырым-жырым маданиятын да сактап калган.

Майрамдын өзөгү – өнүп чыккан буудайдан даярдалган таттуу ботко – «сүмөлөк». Ал берекени, түшүмдүүлүктү жана биргелешкен эмгекти туюнтат. Бул майрам элдик чыгармаларда да кеңири орун алган. Төмөндөгү ыр саптары Нооруздун маанайын чагылдырат:

Норуз кәлди жаһанға, жаһан болур әрзанлиқ

Яғдиләр аби нисан, буғдайлар болур данлиқ.

Ач оруқ, қәмбәғәл барчиси болур жанлиқ

Нанға тоюп қәмбәғәл қйидә болур жанлиқ

Тохулар тухум бесип, жүжиләр күндүр бүгүн.

 

(Нооруз келди жакага, дүйнө болду арзанырак,

Жамгыр жаап жер сугарды, буудай болду дандуу бак.

Ач-жарды, кедей баарысы көңүлгө толуп кубанды,

Нанга тоюп кембагал да байдай болуп сүйүндү.

Тооктор жумуртка тууп, күндө чыгат жөжөлөр.)

Бул саптар элдин түшүмгө, берекеге жана бейпилдикке болгон үмүтүн көрсөтөт. Майрам күнү дасторкон жайылып, ар түрдүү улуттук тамак-аштар жасалат. Эл ырдап, бийлеп, жаңылануунун кубанычын билдирет. Нооруз жөн гана жаз мезгилинин келиши эмес, руханий тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, үй-бүлөлүк жана коомдук биримдикти чыңдоонун да учуру катары кабыл алынат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.