«Никаһ» – эки жаштын жаңы үй-бүлө куруудагы эң жооптуу ырымдын бири. Ырымды молдо күбө болгон эркектердин көзүнчө, көбүнчө колуктунун үйүндө өткөрөт. Молдо болочок жубайлардын укук-милдеттери тууралуу айтып, алардын никеге макулдугун сурап, аларды күйөө менен аял деп жарыялайт. Ошол учурда күйөө бала менен колукту улуттук кийим кийишет. Жаш жубайларга өзгөчө суусундук ичирилет. Суусундукка нанды майдалап салат – бул берекени жана биримдикти билдирет.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет