/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Мәшрәп / Машрап

«Мәшрәп» – Кыргызстанда бул ишарат эки өңүттө өткөрүлүп келет: бир жагынан ал салттуу эркектердин чогулушу, таалим-тарбия багытындагы жыйын катары (классикалык түшүнүк боюнча), экинчи жагынан – майрамдык маданий иш-чара катары. Экинчи учурда ал белгилүү бир майрамга, мааракелик күнгө же урматтуу инсандын атына арналат жана ыр, бий, тамаша-шаң менен коштолот.

Салт боюнча машрап «оттуз огул» деп аталат. Бул жаш жигиттердин өз-ара биримдикти бекемджеген уюмун билдирет. Машрапты уюштуруп өткөрүүдө ар биринин өз милдети бар:

  • Жигит беши – башчы, уюштуруучу жана жетекчи;
  • Қазибәг – тартип сактоочу;
  • Пәшшап – сүйлөшүүлөрдү алып баруучу, тамаша кошкон алып баруучу;
  • Көлбеги – күлдүргүч, көңүл ачкан жигит;
  • Дарабеги – музыкалык бөлүктүн жана ырлардын жооптуусу.

Машрап сөзсүз түрдө төмөнкүдөй негизги бөлүктөрдү камтыйт:

  • Гүлчай – ыр, поэзия коштогон чай иче турган каада;
  • Дава-дәстүр – каада-салтты чагылдырган оюндар, көрсөтмөлөр;
  • Һәзил-чақчақ – тамаша аралаш сахналар;
  • Қизиқчилиқ – чакан сахналык чыгармалар жана замандын маселелерине байланыштуу төкмөлүк.

Машрапта катышуучулардын отуруусу өзгөчө тартипке ылайык уюштурулат. Бул ирет жаш куракка, коомдук даражага жараша бөлүнүп, улууларга урмат көрсөтүлөт. Мындай ыраат коомдук тартипти жана муундардын байланышын бекемдейт.

Бүгүнкү күндө машрап айрыкча түштүк аймактарда жана Ысык-Көл облусунда кайрадан жайылтууга жана эл арасында кеңири таанытууга муктаж.

Аймак

Кыргызстандын Чүй облусунда, айрыкча Бишкек шаарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Салттуу музыка сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010
  • Камалов А.К. Семиречедеги уйгурлардын тарыхындагы машрап эркектер жыйыны // Жибек Жолунун оазистери: Борбордук Азия элдеринин этнографиясынын, тарыхынын жана булак таануу илиминин заманбап маселелери. Москва, 2018. – Б. 634–644.