/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Манйүә / Бир айга жана жүз күнгө толушу

Төрөгөн аялды жана жаңы төрөлгөн баланы бөтөн жана чоочун адамдарга кырк күнгө чейин көрүүгө уруксат берилбейт, анткени салттуу ишеним боюнча бул убакта эне менен бала «көз тийүүгө» («нян хуэ» – түз мааниси «зыяндуу көз») кабылат. Бул мөөнөт кырк күн менен эсептелгени («сышы тян») менен «толук ай» – «ман йүә» деп белгиленип айтылат.

Ошол күнү баланын энеси үчүн жарым-жартылай обочолонуу аяктайт. Ага чейин ага казандын жанына барууга, тамак бышырууга, оор жумуш кылууга тыюу салынган. «Ман йүә» күнү ал «чон мян» – «узун кесме» бышырган. Ал кесменин камыры сода менен жуурулуп жасалгандыктан («тонҗянмян»), кызыл түстө ачыган. Узун кесме узак өмүрдү, ал эми кызыл өң шаттуу, бактылуу жашоону билдирген. Кесмени бөбөктүн кулагына илип, ошол тилектерди айтышкан. Бул күнү коноктор атайын чакырылган эмес, өздөрү келип белек-бечкегин алып, жакшы каалоо-тилектерин айтып келишкен.

Баланын жашоосундагы андан кийинки баскыч «быйлир» деп аталган – «жүзүнчү күн». Ал кырк күндүк сыяктуу кеңири белгиленбеген. Бирок ошол күнү да кайрадан «узун кесме – чон мян» жасалган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Джон А.А. Дунгандардын каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. – Бишкек, 2016.