«Линдонзы» – кичинекей коңгуроолор. Алар келин болчу жаш кыздын өрүм чачына тагылуучу жасалгалардын бири болгон. Ошондой эле кош-кош болуп сайма түшүрүлгөн шымдын этегине, кээде келиндин саймалуу кездеме бут кийимине («хэ») да тагылчу. Ары-бери жүргөндө коңгуроолор шыңгырап, өзүнүн жагымдуу үнү менен жаман күчтөрдү кууп турат деген ишеним болгон.
Мындай коңгуроолор кичинекей балдардын кийимине да тагылчу. Бир жагынан жаман көздөн сактап турса, экинчи жагынан баланын кыймылын, жүргөн жерин билип турууга жардам берген.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жоголуу коркунучунда