«Көк чөшүрә» – уйгур элинин жазгы салттуу тамактарынын бири. Жаз жаңы башталганда, жерден жаңы көгөрүп чыккан беде жалбырактарынан жасалат. Алгач жалбырактар жууп тазаланып, майдаланып кесилет да, камыр менен кошулуп чүчпара сымал болуп жасалат. Бышкандан кийин үстүнө сүзмө же башка даам кошумчалар менен берилет.
Бул тамак ден соолукту чыңдоого, тазалоого жана жашартууга пайдалуу деп эсептелинет. Ошондуктан уйгурлар жаз мезгилинде атайын «Көк чөшүрә» майрамын өткөрүшүп, коомчулукту чогултуп, биргеликте бышырып, той-топур менен белгилешет.
Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Кол аймактарында кездешет
Жандуу, кеңири кездешет