Күрөш – көчмөн элдердин эң байыркы спорттук оюндарынын бири. Кыргыздар илгертеден бери аш-тойлордо баатырлардын күч сынашуусун уюштуруп келишкен. «Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашында 85 жаштагы Кошой баатыр 35 жаштагы кытай баатыры Жолой менен күрөшүп, аны жеңип чыккандыгы баяндалат.
Кыргыз күрөшү кылымдар бою элдин турмушунун бир бөлүгү болуп, баатыр жигиттерди тарбиялоонун негизги каражаты болгон. Бул өнөр аркылуу кыргыздар тынч заманда да, согуш маалында да өз элин коргой турган күчтүү жоокерлерди даярдашкан. Акындар атактуу күрөшчүлөр жөнүндө уламыш, ыр, макал-лакап чыгарып, күрөштү улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айландырган.
Күрөш бүгүн Кыргызстан боюнча кеңири жайылган. Мектептерде дене тарбия сабактарында машыгуу катары өткөрүлөт. Кыргызстанда Күрөш федерациясы иштеп, эрежелерди бекиткен. Кыргыз балбандары эл аралык мелдештерге да катышып, ар кандай кубокторду багындырууда.
Күрөштө балбандар кенен ак дамбалы кийип, белине «кур» байлашат. Кармаш башталганда эки балбан бири-бирине бетме-бет туруп, курдан кармап алышат. Кыска убакытка бир колду бошотууга уруксат берилет. Жеңүүчү – атаандашын жамбашка же жонго жаткырган балбан болуп эсептелет.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Жандуу