/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Кыйык атмай

Кыйык атуу – жамбы атууга караганда татаалыраак оюн. Бул оюн тууралуу кызылсуулук санжырачы Төлөк Төрөкан уулунун «Кыргыз эл санжырасы» (Синьцзян, 2011) китебинде баяндалат.

Санжырада айтылгандай, кыргыз каганы Орозду (Манастын чоң атасы) каза болгондо анын ашында кыйык атуу өткөрүлгөн. Жамбы атыш менен айырмасы – кыйык атууга катышуу укугу кыргыз кагандарынын уулдарына, ички жана тышкы кыргыз кандарына гана берилген. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген кандар да катыша алышкан.

Ороздунун ашында кыйык атуу үчүн байгеге 100 ат, 100 төө, 100 уй, 100 топоз, 1000 кой коюлган. Негизги байге – Кыз Сайкал, баатыр Кылымбектин кызы болгон. Эгер Ороздун он уулунун бири кыйыкка тийсе, ал бардык байгени жана каганаттын тактысын да, Кыз Сайкалды да ала турган болгон. Эгер алар тийбей калса, мүмкүнчүлүк кыргыз хандарына берилген. Эгер алар да тийгизе албаса, кезек чет элдик хандарга өткөн. Бирок алар кыйыкка тийсе да, каганаттын тактысына жана Кыз Сайкалга доо кыла албайт эле – аларга материалдык байгелер гана ыйгарылган.

Ошол ашта 72 кан жана падыша чакырылган деп айтылат. 185 чыканак (92,5 м) бийиктиктеги шыргага жамбы илинип, аны кармап турган тери боону – «кыйыкты» атуу талап кылынган. Бирок Ороздун уулдары да, кыргыз кандары да, чет элдик хандар да кыйыкка тийгизе алышкан эмес. Акыры Кыз Сайкал өзү уруксат сурап, атасына таандык күлүккө минип, чаап келип ок чыгарып, кыйыкты кесе атып жамбыны жерге түшүргөн. Ошондо ал аксакалдарга кайрылып: «Бул мелдештин башкы байгеси мен элем, эми мени кимге бересиңер?» – дегенде, аксакалдар тамаша-чын аралаш: «Ороздун он уулун сага тапшырдык» – деп жооп беришкен экен.

Бул окуя кыргыздардын байыркы турмушун чагылдырган өзгөчө санжыралык баян. Бүгүнкү күндө Кыйык атуу эл ичинде ойнолбой унутта калган. Улуттук оюндар федерациясы бул оюнду калыбына келтирүү багытында иш жүргүзүүдө.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешкен

Абалы

Унутта калган

Коомдоштук

  • Салттуу билим ээлери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен улуттук оюндар федерациясы бул оюундун кандайдыр бир көрүнүштөрүн кайра жандандыруу аракетин көрүүдө.

Адабият/Шилтеме

  • Т.Төрөкан уулу. Кыргыз эл санжырасы. Синьцзян, 2011