/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Кыз куумай

Кыз куумай – кыргыздардын эң байыркы жана кызыктуу улуттук кыз-жигит катышкан оюн-зоокторунун бири. Байырта бул оюн кыз узатууда, той-топурда элди кубантып көңүлүн көтөрүү үчүн өткөрүлүп келген.

Кыз куумайга адатта 17 жаштан жогорку жигиттер менен кыздар катышат. Аттар алдын ала тандалып, өзгөчө даярдалат. Кыз өзү каалаган атты тандайт, калган ат жигитке берилет. Эгер жигит жетсе – жеңген болуп саналат, жетпесе – кыз жеңген болот. Бул оюн «Манас» эпосунда да төмөнкү саптар менен сүрөттөлгөн:

«Боз бала, жигит аралаш,
Кыз-келин менен жарышып,
Кызык өзөн бойлошуп…
Кыз куушмай ойношуп…»

Бул оюн бүгүн да кызыктуу бойдон калып, эл чогулган жерде элдин көңүлүн көтөргөн мыкты оюн-зоок болуп саналат.

Оюн эрежеси

Бул оюн үчүн түз жерден 1-2 км аралык белгиленет. Оюнга адатта 2ден 20га чейинки жуп катышып, ирети менен чабышат. Жеңгендер кийинки айлампага чыгып, акырында башкы жеңүүчү аныкталат. Жигит менен кыз улуттук кийим кийип чыгышат. Башында жигит кызды кууп жетүүгө аракет кылат: эгер жетсе, аны ат үстүндө өөп калат, жетпесе кайра кайрылып атын чабат, бул жолу кыз аны кууйт, жетип  камчы менен уруп калууга аракет кылат.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда кездешет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.