/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы
Кугәр и кулюр / Макал-лакаптар жана табышмактар

Элдик оозеки чыгармачылыктын эки жанрынын айырмасы – макалда ой толугу менен бүтүп айтылат («кугәр»), ал эми лакапта («кулюр») ой аягына жетпей калат.

«Кугәр» – бул макал, элдин накыл сөзү, анын ичинде таалим-тарбия же моралдык сабак камтылат. Мисалы:

  • «Җүнзы дый йибу – җин йибу, щёжын дый йибу – тун йибу».

«Акылдуу баатыр бир кадам таштаса – алдыга жылат, алсыз адам бир кадам таштаса – артка чегинет». Бул жерде ишти баштасаң, аягына чейин чыгарыш керек деген ой айтылат.

«Кулюр» – лакап, ал сөзгө болгон мамилени билдирет, бирок насаат айтпайт. Мисалы:

  • «Чиннян – җонни, ложын фонни» / «Жаш – бейкапар, кары – этият, сак».
  • «Бу җуон ён: лон чыдёни» / «Өзүңдү койго окшотпо: бөрү жеп коёт», башкача айтканда, өзүң кандай болсоң, ошондой бол.
  • «Хуә йибыйзы – щүә йибыйзы» /«Бир өмүр жашасаң да, өмүр бою оку».

Табышмактар таанып-билүүчү, таалим берүүчү мүнөзгө ээ болуп, акыл-ойду, логиканы жана чыгармачылыкты өнүктүрөт. Мисалы:

  • «Зэ жын гуонйишон са, гуонсы җон, кәсы йибызы буҗян шо?» / «Адамдын өмүрүндө өсүп, бирок эч качан азайбаган эмне?» (жаш курак).
  • «Жын са нын фәкэ гуонсы йибян?» / «Адам бир эле жолу бөлүшө ала турган нерсе эмне?» (купуя сыр).
  • «Йигә хи лова бый жызы манни фи – хили вәди диха» / «Бир кара карга жарык убакта айланып учат, түндө жерге конуп калат». (туфля).
  • «Йигә дандар – чигә няняр» / «Бир шар – жети тешик». (баш).

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдары, Токмок шаары. Ысык-Көл облусуна караштуу Ырдык айылы. Ошондой эле Бишкек, Каракол шаарларында жана Кыргызстандын башка айрым шаар-кыштактарында кездешет.

Абалы

Жандуу жана кеңири колдонулат

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Дунган тили жана адабияты боюнча адистер жана тил таануучулар
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Бүгүнкү күндө макал-лакаптар менен табышмактар дунган коомдоштуктарынын Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы күнүмдүк сүйлөө тилинин жигердүү бөлүгү болуп эсептелет. Алар турмушта кеңири колдонулат.
  • Дунган тилиндеги макал-лакаптар жана табышмактар жыйнагы жарык көргөн.
  • Ошондой эле дунган коомдоштуктарынын айрым өкүлдөрү, негизинен мугалимдер, макал-лакаптарды жана дунган тилин жалпы жайылтуу максатында TikTok, YouTube, Instagram сыяктуу социалдык тармактарда таанып-билүүчү материал катары үзгүлтүксүз чыгармаларды жарыялап турушат.

Адабият/Шилтеме