/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Уйгур тили
Комуникативдик бирдиктердин синтаксема системасы

Уйгур тили тирүү баарлашууда сөз аркылуу ишке ашат. Чексиз сандагы оозеки жана жазма сүйлөмдөр коммуникативдик бирдиктердин чектелген сандагы моделдеринин негизинде түзүлөт. Ушул моделдердин түзүмдүүлүгү тилге туруктуулукту, жашоого жөндөмдүүлүктү жана ар кандай маанилерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Белгилүү тилчи Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин синтаксиси боюнча баалуулуктары» аттуу жоголгон эмгегин толуктоо максатында, уйгур тилинин инварианттык синтаксемаларынын өзгөчө системасы сүрөттөлгөн.

Уйгур тилин бейзаттык маданий мурас көрүнүшү катары сактап жана өнүктүрүү үчүн, баарлашуу үлгүлөү же туруктуу сөз үлгүлөрү катары түшүнүүгө боло турган бирдикттүү сөз үлгүлөрүнүң системасын колдоо маанилүү.

Өзгөчө Нарын жана Ысык-Көл облустарында салттуу баарлашуу формалары акырындык менен жоголуп бара жаткандыктан, бул аймактарда тилдин жандуу колдонулушун күчөтүү зарыл.

Аймак

Кыргызстандын Ош жана Чүй аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери
  • Салттуу поэзия жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Маданият, тил жана оозеки чыгармачылык таануучулар, изилдөөчүлөр

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Абдуллаев С.Н. Азыркы уйгур тилиндеги жөнөкөй сүйлөм моделдери // Сибирдеги тилдердеги сүйлөм. – Новосибирск: Наука, 1989. – Б. 36–47.
  • Абдуллаев С.Н. Түрк синтаксисинин асылдары. – Алматы: МИР, 2024. – Б. 203–207.