Качмай топ – түздүктөгү ачык аянтта ойнолуучу, балдар менен өспүрүмдөрдүн кыймылдуу топтук оюнунун бир түрү.
Бул оюн балдарды чыдамкайлыкка, тез чуркоого, таамайлыкка, сезимталдыкка жана эң башкысы бири-бири менен мамиле түзүп, топтук биримдикке жана кызматташууга үйрөтөт. Оюнга адатта 8-10 бала катышат. Эң негизги колдонулуучу шаймандар – таяк жана кичинекей топ. Илгери бул оюнда кийизден жасалган топ колдонулуп келген.
Оюн үчүн болжол менен 40×80 метрлик аянт тандалат. Аянттын узун капталдарынын эки башына финиш сызыктары белгиленет. Оюнчулар эки топко бөлүнүп, башчы шайлайт. Биринчи топ бир кыркага тизилет, ал эми экинчи топтун оюнчулары аянтка жайылышат. Экинчи топтун ичинен бир оюнчу топту биринчи топко ыргытат.
Биринчи топтун оюнчусу топту таяк менен кайрып, белгиленген багытка урат да, топ жерге түшкөнчө финишке чейин чуркап барып, кайра өз кырканын артына туруп калышы керек. Эгер экинчи топ топту жерге түшө электе кармап алса, топтор орун алмашат. Эгер кармай албай калышса, топ менен чуркап бараткан оюнчуну кыркага жеткиче уруп жыгылтууга аракет кылышат. Эгер тийсе, ошол топко бир упай жазылат.
Ар бир оюнчу топту бирден жолу урат. Эгер экинчи топ упай топтой албаса, биринчи топ үч жолу уруп, чуркап бүткөндөн кийин гана орун алмашышат.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Сейрек кездешет