Кан таламай – «упай» оюнуна окшош, бирок өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар дагы бир чүкө оюну. «Кан таламай» оюнчулардын мүнөзүн тарбиялап, ой жүгүртүүсүн өстүрөт, элге болгон мамилесин калыптандырат. Ошондой эле кыргыздардын коргонуу жана согуштук стратегиясынын көрүнүштөрүн камтыйт.
Чүкөлөр шырдакка чачылганда оюнчулар «Кан таламай!» деп кыйкырып, мүмкүн болушунча көбүрөөк чүкө алууга аракет кылышат. Кимдин колуна «кан» түшсө, ошол оюнду баштайт.
Оюн башталардан мурда ар бир оюнчу бирдей санда чүкө тизет. Оюнчу сөөмөйүнүн тырмагы менен бир чүкө менен ошол окшош жаткан башка чүкөнү атат. «Упайдагыдай» эле, оюнчу үчүнчү чүкөнү алып бүткөндөн кийин гана «канды» ата алат. Чүкөлөр бөлүштүрүлгөн соң, ар бир оюнчунун канча чүкө алганын санап чыгышат. Эң аз алган оюнчу канча чүкө алса, калган оюнчулар да ошондой эле санда чүкөнү кайра кошот. Кимдин колунда «кан» болсо, ал кошумча дагы бир чүкө кошот – бул «кан менен кеңешчиси» болуп эсептелет.
Оюндун маанилүү эрежеси: «бөк» түшкөн чүкөнү «бөк» менен гана, «чик»ти «чик» менен, «таа»ны «таа» менен, «айкурду» «айкур» менен гана атуу керек. Эгер чүкө тике турган болсо, аны жерге жыгып анан ата алышат. Ким көп чүкө топтосо, ошол жеңүүчү болот. Оюн кайрадан башталганда, эң көп чүкө топтогон оюнчу бардык чүкөлөрдү жерге таштайт.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Сейрек кездешет