/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Иптар / Ооз аачу

«Иптар» – бул Рамазан айындагы орозо кармоонун негизги каадаларынын бири. Ал майрам сыяктуу маанайда өтөт. Күн баткандан кийин азан айтылып, кечки намаздын убактысы киргенде уйгурлар орозону – оозун  – ачышат. Алгач жеңил тамактан башташат: адатта финик жешет, таза суу ичишет. Андан соң чай жана жеңил ысылыктар коюлат.

Тамактануу башында тез-тез болот, себеби намазга турчу убакыт жетип калат. Кечки намаз окулгандан кийин кайрадан дасторкон жайылып, тамактануу уланат. Бул учурда коноктор келип, Куран окулат, баарлашуу жүрөт.

«Иптар» өзүнчө майрамдай маанай менен коштолот: дасторкондун молдугу, тууган-уруктун, кошуна-колоңдун жвнв достордун чогулушу менен орозо кармаган ар бир адамдын жан-дүйнөсүн кубаныч толтурат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме