«Жүпсан» (жусан) – салттуу оюн, түрк тилинен которгондо «жуп сан» дегенди билдирет. Бул оюн ылдамдыкты, тактыкты жана чыдамкайлыкты өнүктүрүүгө багытталган. Салт боюнча оюнчуулар «жүпсанды» койдун (же коёндун) терисинен кесилген кичинекей бөлүккө, аттын куйругунун кылдарын кошуп, коргошунга бекитип жасашкан.
Оюндун ар кандай ыкмалары бар. Уйгур чөйрөсүндө бул кыймылдарга көбүнчө орусча аталыштар берилген жана «жүпсанды» асманга ыргытканга мүмкүнчүлүк түзгөн. Мисалы: «суньки», «пары», «кесы», «люры» деген ыкмалар. Бул оюн жөн гана дене кыймылы эмес, тил аралык байланыштын да өзгөчөлүгүн чагылдырат. Оюн учурунда балдар уйгурча да, орусча да эсеп санашкан. Мисалы: «икки пара, икки две, икки три» деп, биринчи сөздү уйгурча айтып, андан кийинкисин орусча улантышкан.
Бүгүнкү күндө «жүпсан» жаштар арасында дээрлик унутулуп баратат. Бирок аны кайра жандандырып, бейзаттык маданий мурас катары жайылтса, уйгур элинин салттуу оюндарын сактап калууга жана маданий өзүнчөлүгүн бекемдөөгө чоң салым кошулмак.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Унутта калган