/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Жын да щё жын го – ди / «Улуу – кичүүнүү таңдоо, улуулук – кичүүлүтү билүү»

«Жын да – щё, жын го – ди» – дунган элинин үй-бүлөлүк мамилелердин негизги эрежеси – «кичүүлөр улууларды урматташы, улуулар кичүүлөргө кам көрүшү, маанилүү менен маанисизди, татыктуу менен татыксызды айырмалай билүү» дегенди туюнтат.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Джон А.А. Дунгандардын каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. – Бишкек, 2016.