/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Жоро

Жоро – тең чамалаш сыйлашкан достордун арасында кезектешип өткөрө турган бозо ичүү уюшмасы.  Жоро негизинен кеч күздөн тартып жайлоого көчкөнгө чейин уланган. Жоронун бозосун күчтүү кылып, кынаптап салдырышкан. Шак – жумалап, айлап, тоо суусуна чыланып анан кайнатылып ачытылган. Айрым санжыралык маалыматтарда куйрук бастырып, көпкө ачытышкан. Ал шуулдаган күчтүү бозо болгон. Алыс жакындыгына карап бир-үч күнгө созулган.

Бүгүнкү күндө байыркы таризи өзгөрүүгө учураганы менен, түпкү маңызы сакталып, айрым салтты карманган үй-бүлөлөр менен коомчулуктардын арасында дагы деле өткөрүлүп келет.

⁠Өткөрүү шарты/ырымы

Жорону уюштуруу жана өткөзүү өзүнө тиешелүү шарты боюнча жана ырымдары менен коштолгон:

  • Эшик агаконокторду аттан түшүрүп тосуп алган, үйгө киргизип, дасторкон четине отургузган. Коноктордун кабак-кашын карап, көңүлүн алган.
  • Аякчыконоктордун аягына улам бозо жаңыртып куюп туруу үчүн атайы дайындалган жаш жигит. Ал кызматка элпек, жайдары, илбериңки жигиттерди дайындашкан.
  • Эрке балашайыр, сүйлөсө куйкум сөзү бар, элге жагымдуу, жылдыздуу жүзү бар, комузду кармаса күүсү жарашкан, коштоп ырдаса үнү жарашкан өнөрлүү жигиттерден бирин мурдатан алдырышып эрке бала дайындашкан. Эрке бала каалаган кишисин сүйлөткөн, каалаган кишисин ырдаткан. Шартын аткарбагандарга ар кандай тапшырмаларды берип жаза иретинде аткарткан.
  • Жаза аяккечигип келгендерге жана оюндардын шартын аткарбагандарга бозо толтура куюлуп шыпкап ичиши үчүн сунула турган өтө чоң аяк болгон.
  • Тамашажоронун негизги бөлүгүн түзүп, бозого кызыган теңтуштардын өз ара бири-бирине айтылган куйкум сөзү. Аны бири баштаса, ага карата айтылган киши жооп берип, калгандары жиреп, сүрөп, колдоп, тамашаны андан ары өркүндөтүп отурушкан.
  • Кер айтышоозунда сөзү төгүлгөн төкмөлөр, же болбосо, сөз өнөрү бар жоронун катышуучулары тамаша үчүн “кер айтыш” уюштурушкан. Кер айтыш – ачуу тамаша айтыш, кордоп айтыш.
  • Алым-сабак айтышайтыштын жумшак түрү. Жеңил көңүл көтөрө турган маанайда айтышышкан.
  • Табышмак айтышайтышты биринчи баштаганы оюн табышмактатып ырдаган, атаандашы жандырмагын чечмелеп жооп берген.
  • Бозо уулагандар – жорого атайы катышпаса деле көңүл ачуу максатында айылдаштары, тааныштары келишкен. Аларга да аяк сунулуп, тамашага аралаша берген.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Ар-бир кыргыз үй-бүлөсү
  • Касиет билим ээлери
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу өнөр ээлери
  • Тарыхчылар, маданият таанучулар жана изилдөөчүлөр

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет

Адабият/Шилтеме

  • М.Б. Айтматов, Г.Т. Ботоканова, К.А. Алымбеков, Ы.Ж Алыкеев., Э.Б. Байтөлөе., Ж.Б. Бөкөшев, Ж.Б. Доолбекова, Б.К. Журупова, Н.А. Иманбердиева, Ү.Ж. Кармышова, А.Т. Нурманбетова, Р.С. Салыков, А.З. Түлөбаев, А.Ж. Шералиева. Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери. – Бишкек, 2014.– 620 б.
  • К. Жусупов. Кыргыздар. – Бишкек, 1991-1993. – 473 б.
  • Б. Солтонбеков. Кылымдарды карыткан кыргыздын каада-салттары. – Бишкек, 2000. – 91 б.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А. Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.
  • Абдрахманов Ы. Тарыхый-этнографиялык мурас (Кол жазмалар) / Басмага даярдагандар: А. Исаева, Р. Мээрканова, П. Абдыбаева; башкы редактор А. А. Акматалиев. – Бишкек, 2021. – 232 б.
  • А. Акматалиев, К. Кырбашев, М. Өмүрбай уулу, Ө. Шаршеналиев. Каада-салттар. Ак баталар / А. Акматалиевдин жалпы ред. астында. – Бишкек: Шам, 2003. – 400 б.