Дунган айылдарындагы коомдоштуктарда бүгүнкү күнгө чейин сейрек болсо да « көп бүлөлү үй-бүлөлөр» кездешет. Бул бир нече муун бирге жашаган үй-бүлөлөр: чоң ата, чоң эне; ата-эне жана алардын уулдары (бир туугандар) жубайлары жана балдары менен. Мындай үй-бүлөнүн башчысы – эң улуу муундун өкүлү болуп эсептелет.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында кездешет.
Сейрек кездешет