«Да Эрди» же «Курман Эрди» – байыртан бул майрам «Щё Эрди» – «кичинекей майрам» деп аталчу, анткени ал аз салтанат менен белгиленчү. Ал эми «Да Эрди» – «чоң майрам» деген аталыш дунгандарда «Орозо айтка» тиешелүү болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен Курман айттын мааниси кенейгени үчүн анын аталышы да өзгөргөн.
Бул күнү эл мечитке жана көрүстөнгө барышат. Ошондой эле курмандык чалышат – адатта кой союлат, айрым учурда тууган-урук, ымалалаш достор чогулуп, бирге бука союп, этин бөлүшүшөт. Эттин бир бөлүгү муктаждыгы барларга садака катары берилет, калган бөлүгү туугандарды, конокторду сыйлоого колдонулат.
Майрам күнү тууган-урукту, кошуна-колоңду, ымалалаш досторду кыдырып, бири-бирин куттукташат. Үймө-үй кирип, дуба кылышып, дасторкон жайылып, майрамдык даамдар тартылат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет