/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы
Дачузы и фу / Баатырдык поэмалар жана баяндар

Баатырдык поэмалар жана баяндар дунгандардын маданиятында муундан муунга оозеки түрдө өтүп келген. Аларда жалпы кытайлык эпикалык сюжеттер кайрадан иштелип чыккан. Мисалы, «Сан гуй» («Үч падышачылык»), «Ма Да-жын аскер башында» жана башкалар.

«Сан гуй» / «Үч падышачылык» чыгармасы Мин доорунун башында жашаган Ло Гуаньчжун аттуу жазуучуга таандык тарыхый романдын негизинде түзүлгөн. Анда биздин замандын 169–280-жылдарындагы окуялар сүрөттөлөт. Башкы каармандардан экөө бири-бирине карама-каршы коюлат: Лю Бый оң каарман катары көрсөтүлсө, Цо-цо амалкөй, айлакер жана куу адам катары берилген.

Мындай оозеки чыгармаларды көбүнчө үйлөнүү тоюнда айтып беришкен. Анда элди көңүл ачкан баянчы «фә фуди» – «китепти кайрадан баяндагыч» деп аталган. Бул чыгармалар өз табияты боюнча ааламдык түшүнүктөрдү, тарыхый, саясий, диний, турмуштук жана башка элдик дүйнөтаанымга тиешелүү маалыматтарды камтып турган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдары, Токмок шаары. Ысык-Көл облусуна караштуу Ырдык айылы. Ошондой эле Бишкек, Каракол шаарларында жана Кыргызстандын башка айрым шаар-кыштактарында кездешет

Абалы

Унутта калган

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Дунган тили, адабияты, оозеки чыгармачылыгы боюнча адистер жана тил таануучулар
  • Салттуу билим ээлери
  • Маданият таануучулуар жана изилдөөчүлөр

Коргоо иштери

  • Билим ээлеринин жоктугуна жараша маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар аткарылбайт.

Адабият/Шилтеме

  • Юсуров Х. Ю. Дунган фольклорунун үлгүлөрү. – Фрунзе, 1960.
  • Кытай адабиятына мүнөздүү жанрлар