/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Гүрүч азу / Азу

«Гүрүч азу» – татар элинин «азу» аттуу даамынан уйгур ашканасына ылайыкташкан өзгөчө жасоо ыкмасы менен айырмаланган уйгур элинин салттуу тамагы. Бул даам негизинен Кыргызстандын түндүгүндө кеңири тараган.

Татар даамынан башкы айырмасы – күрүч алдын ала бышырылып алынат да, үстүнө коюу атайын чык кошулат. Чык куурулган эттен (көбүнчө уй же кой эти), пияз, сабиз, помидор жана ар түрдүү татымалдардан жасалат. Ага кээде туздалган бадыраң же жашылча кошулуп, тамактын даамын көп катмарлуу кылат.

Бул даам аймактык ашкана салттарынын маанилүү бөлүгү болуп, көп учурда үй-бүлөлүк кечки тамактарда, майрамдык дасторкондо жана ар кандай тойлордо башкы тамак катары тартылат.

Аймак

Кыргызстандын Ысык-Көл аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • С.Н. Абдуллаев, Карагулова А.И. Караколдун бренддик тамактарындагы маданияттар аралык баарлашуунун чагылдырылышы // Жаштар илими – Коми Республикасынын туруктуу өнүгүүсү. – Сыктывкар, 2022. – Б. 97–103.