Жомоктор элдик оозеки чыгармачылыктын эң кеңири жайылган жанры болуп эсептелет. Алар шарттуу түрдө сыйкырдуу жомокторго, турмуштук жомокторго, жаныбарлар тууралуу жомокторго жана «сяо» деп аталган элдик мыскыл-тамаша жомокторго бөлүнөт.
Дунгандардын жомоктору элдин жашоосу, каада-салттары жана этностук өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланышкан. Алар ар түрдүү темаларды камтыйт: жөнөкөй көрүнгөнү менен мазмунунда көп катмарлуу татаал дүйнө камтылат. Ал жерде жакшылык менен жамандык, сүйүү менен жек көрүү, чындык менен жалган, эмгек менен жалкоолук, жакырчылык менен байлык көрсөтүлөт. Бул карама-каршылыктардын баары көркөм образдар аркылуу берилет жана дунган элинин калыптанышы менен байланышкан.
Жаныбарлар тууралуу жомоктордун сюжеттери дыйкандардын эмгегин ачык чагылдырат. Анда ар кандай иштин сүрөттөлүшү кездешет: мисалы, өгүз таңдан кечке чейин соко тартып иштейт, мышык менен ит чарбалык иштерди кылат, чычкан тынымсыз эмгектенет. Күнүмдүк көрүнүштөрдө эмгек даңазаланып, акырында эмгек күчү сыйкырдын күчүнөн да жогору тураары көрсөтүлөт.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдары, Токмок шаары. Ысык-Көл облусуна караштуу Ырдык айылы. Ошондой эле Бишкек, Каракол шаарларында жана Кыргызстандын башка айрым шаар-кыштактарында кездешет
Сейрек кездешет