Пион гүлүнүн («модан») стилизацияланган сүрөтү түшүрүлгөн шакек – узак өмүрдүн жана гүлдөп өнүгүүнүн белгиси. Ал эми «шу ла шу» – бири-бирине кошулган алакандар формасындагы шакек – бекем биримдикти: достукту, сүйүүнү жана жубайлардын бири-бирине берилгендигин туюнтат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет