/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Хуэйзў/хуэйцзу тили
Ганьсу тили

«Гансу хуа» – сөзмө-сөз которгондо «Ганьсу тили» дегенди билдирет. Бул аталыш Кытайдын Ганьсу провинциясынан алынган. Кыргызстанга көчүп келгенге чейин бул аймакта жашаган дунгандар ушул диалектте сүйлөшкөн. Ганьсу диалекти Борбор Азиядагы дунгандар үчүн адабий тил катары кабылданат. Анткени дунгандардын жазуу адабияты дал ушул диалектке таянган, ал эми алгачкы чыгармалардын авторлору да ганьсу диалектисинин билим ээлери болгон.

Аймак

Ганьсу диалектинде сүйлөгөн коомдоштуктар жана билим ээлери Кыргызстанда негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашашат. Тактап айтканда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Александровка айылында, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында жана Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында отурукташкан. Мындан тышкары, Бишкек, Токмок, Каракол шаарларында жана башка айрым айыл-кыштактарда да да чачырап отурукташкан.

Абалы

Жандуу жана кеңири колдонулат

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Ганьсу диалекти жана дунган тили боюнча адистер жана тил таануучулар

Коргоо иштери

  • Ганьсу диалекти кеңири түрдө оозеки сүйлөшүүдө колдонулат. Ошондой эле мектептерде дунган тили жана адабияты сабактарында негизги окутуу тили болуп эсептелет. Бул диалектте көркөм адабияттар жазылып жана басылып чыгат, гезит-журналдар жарыяланат, радио берүүлөр жүргүзүлөт. Дал ушул ишмердүүлүктөр аркылуу бүгүнкү күндө жандуу жана кийинки муундарга өтүшү камсыздалууда.

Адабият/Шилтеме

  • Имазов М. Х. Дунган тилинин морфологиясы боюнча очерктер. – Фрунзе, 1982.
  • Имазов М. Х. Дунган тилинин синтаксиси боюнча очерктер. – Фрунзе, 1987.
  • Имазов М. Х. Дунган тилинин фонетикасы. – Фрунзе, 1975.
  • https://www.krugosvet.ru/enc/gumanitarnye_nauki/lingvistika/DUNGANSKI_YAZIK.html