/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу музыка
Вазы

«Вазы» – эки бамбук тактайчадан турган, жогору жагынан бири-бирине байланып жасалган, кастаньетага окшош келген аспап. Аспап ырдап жаткан ырчыга жана ансамблдин катышуучуларына ыргакты сактоого жардам берүү үчүн колдонулат.

Аймак

Чүй облусунун Александровка жана Милянфан айылдарында кездешет.

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Чүй облусунун Александровка жана Милянфан айылдарында жашаган дунгандар
  • Салттуу аспапчылар жана аспап сүйүүчүлөр
  • Салттуу музыка сүйүүчүлөрү
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстанда салттуу аспаптарды колдонуу барган сайын азайып баратат

Адабият/Шилтеме

  • Сушанло М. Я. Дунгандар. – Фрунзе : Илим, 1971.
  • Талаа материалдары