/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Бәш таш / Беш таш

«Бәш таш» – уйгур кыздарынын көбү билген оюн. Оюндун максаты – таштарды белгилүү ыраат менен ыргытуу жана бир кол менен кайра тосуп алуу. Алгач баштаганда жаңы оюнчу үчүн кыйын сезилет, бирок көнгөн сайын абдан кызыктуу болуп калат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Зульпикаров М. Балдар фолклору. – Алма-Ата, 1983.