/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Беш таш / Топ таш

Беш таш же топ таш – кыздар арасында эң кеңири тараган оюндардын бири. Адатта шырдак же алакийиз үстүндө ойнойт, эгер андай болбосо жумшак нерсе төшөлөт. Жайкы жайлоодо же күз, кыш мезгилдеринде колдун кыймылын жөндөмгө салуу жана сезимталдыкты өнүктүрүү максатында чоң кыз-келиндер жаш өспүрүм кыздарды бул оюнга үйрөтүшкөн. Оюн үчүн майда, жумшак таштарды дарыянын, булактын боюнан терип келишкен, анткени андай таштар аруулукту алып келет леген ишеним жашаган. Беш таш кыздардын колунун манжаларын чыңдап, кыймылды тездетет, координациясын жакшыртат, көздүн тактыгын, чыдамкайлыкты жана ырааттуулукту өнүктүрөт.

Оюн эрежеси

Оюнда таштар аянтчага чачылат, алар бири-бирине өтө жакын да, өтө алыс да болбошу керек. Оюнчу бир колуна ташты алып, абага өйдө ыргытып жиберет да, ошол эле колу менен жердеги таштардын бирин алып, кайра ыргыган ташты ошол колу менен кармаганга аракет кылат. Таштар бири-бирине кагылышып үн чыгарышы шарт. Ошентип төрт таш толук жыйналганча оюн уланат.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен мурас жөнүндө маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда жана дене тарбия сабактарына ылайыкталган окуу программаларында кездешет.
  • Айрым бакчалардын жана мектептердин дене тарбия сабагынын окуу программасына кирет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.